Нурланбек Тургунбек уулу: "Келерки жылы медицина кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт"








Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районундагы Жалпы дарыгердик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн имаратынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, төрага Ала-Бука райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун лабораториясынын абалын да көрүп чыкты.
Эки имарат тең 1950-жылдары курулуп, азыркы тапта авариялык абалда.
"Дени сак улут – дени сак мамлекет. Андыктан саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн башкы багыты. Айрыкча калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз", – деди төрага.
Ал медицина кызматкерлеринин айлык акысы келерки жылдын январынан тарта сезилерлик деңгээлде көтөрүлөрүн кошумчалады.
Ошондой эле коштоп жүргөн тиешелүү жетекчилерге тез арада жаңы имараттарды куруу тапшырмасын койду.
