Түркияда жумуш учурунда чылым чеккен адам оор жаракат алды (видео)
Түркиянын Газиантеп шаарында ири кырсык катталды. Күн карама майын чыгаруучу заводдо жумушчулардын бири күйүүчү май ташыган унаанын цистернасынын капкагын ачып жатканда жарылуу болду.
Окуя видеобайкоого түшүп калган. Анда жумушчу жарылуудан улам күйүүчү май ташыган унаанын үстүнөн ыргып кеткенин көрүүгө болот.
Түркия басылмалары окуя 3-июнда болгонун жазышты. Окуяга күбө болгондор 27 жаштагы кызматкер ошол учурда чылым чегип жатканын айтышкан. Жабырлануучу оор жаракат алып, дароо ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы оор деп бааланууда.
Түркия
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:17
2025-06-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.