super.kg logo

Сот Куандык Бишимбаевдин алимент төлөмдөрүн азайтуу боюнча доо арызын канааттандырган жок

 

Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин мурдагы башчысы Куандык Бишимбаев алимент өлчөмүн азайтуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок Астана шаарындагы жашы жете элек балдардын иштери боюнча адистештирилген сот анын доосун четке какты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Бишимбаев менен анын мурдагы жубайы Назым Кахарман үч баласына алимент төлөө тууралуу нотариалдык макулдашууга кол коюшкан. Макулдашууга ылайык, ал ар ай сайын 1,6 миллион теңге төлөп турууга милдеттендирилген.

Бир нече ай мурун Бишимбаев сотко кайрылып, материалдык абалы начарлаганын жүйө кылып, төлөмдөрдү кыскартууну сураган. Бирок адвокаттын айтымында, териштирүү учурунда анын мүлкү бар экени, бирок аны башка адамдарга белек катары өткөрүп жибергени аныкталган. Бул аракеттер алименти төлөөдөн качуу катары бааланып, сот ал доону четке каккан.

Адвокат Шамшекованын айтуусунда, анын мурдагы мүлкү алимент милдеттерин толук аткарууга жетиштүү, жана бул - ата катары анын конституциялык милдети.

Эске салсак, Бишимбаев мурда да кылмыш иши менен соттолгон жана учурда 24 жылга эркинен ажыратылган. Назым Кахарман менен 14 жыл расмий никеде жашаган, үч баласы бар. 2024-жылдын май айында ал балдары Бишимбаевдин фамилиясынан баш тартууну каалап жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: