super.kg logo

Ооганстанга өлкө тарыхында биринчи жолу жүргүнчү поезди барат

 

Ооганстанга өлкө тарыхында биринчи жолу жүргүнчү поезди барат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, каттам Ирандын Мешхед шаарынан Ооганстандын Герат шаарына карай жүрүп баштайт жана кийинки эки жуманын ичинде ишке кирет. Темир жолдун негизги максаты - өлкө боюнча транзитти кеңейтүү экени айтылууда.

Иран менен Ооганстандын ортосундагы бул темир жолдун курулушу 2007-жылы башталган. Жалпы узундугу 225 чакырымды түзүп, анын 147 чакырымы Ооганстандан аймагынан өтөт. Башында бул жол эки өлкө ортосунда жүк ташуу үчүн курулган болчу.

Ирандын жолдор жана шаар курулуш министринин орун басары Жаббар Али Закери бул план Ирандын темир жол транспортун кеңейтүү жана региондук байланыштарды жакшыртуу боюнча кеңири стратегиясынын бир бөлүгү экенин билдирди.

"Мешхед менен Герат арасында жүргүнчү поездинин каттамын ишке киргизүү боюнча пландар түзүлгөн жана биринчи жүргүнчү поезди кийинки эки жуманын ичинде жүрүп баштайт деп күтүлүүдө",- деп билдирген Закери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: