super.kg logo

Трамп Маск менен мамилеси начарлап кеткенин моюнуна алды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп миллиардер Илон Маск менен мамилеси начарлап кеткенин четке каккан жок. Ал Вашингтондогу Ак үйдө Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен болгон жолугушуу учурунда Масктын бюджеттик долбоорго байланышкан сындарына комментарий берди.

"Илон мен жөнүндө эч кандай жаман сөз айта элек. Мындан ары да ушундай болоруна ишенем. Мен андан көңүлүм калды. Биз кайра жакшы мамиледе болобузбу билбейм... Илон өзү жакшы билген адамды НАСАны жетектөөгө сунуштады. Бирок мен бул туура эмес деп ойлодум. Анын талапкери демократ болчу. Биз демократты дайындабайбыз", - деди Ак үйдүн башчысы.

Буга чейин жакында эле Трамптын администрациясынан кеткен Маск америкалык лидердин администрациясы сунуштаган жаңы бюджет долбоорун сынга алган. Ал долбоор бюджеттин таңсыктыгын олуттуу түрдө 2,5 триллион долларга чейин көбөйтүп, америкалыктарга чыдагыс карыз жүгүн жүктөй турганын белгилеген.

Ошондой эле ал АКШ бийлигин бюджеттик долбоорду кайра жаңы иштеп чыгууга чакырган. АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы май айында аталган мыйзам долбоорун жактырган. Анда салыктарды кыскартуу жана коргонуу чыгымдарын көбөйтүү камтылган. Документ азыр Сенатта каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: