super.kg logo

Караколдо кыздардын ортосунда мушташ болгон (видео)

 

Каракол шаарында кыздардын ортосунда мушташ болгон. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБ тастыктады.

Облустук милиция кечээ, 5-июнда социалдык тармактарда шаардагы кафелердин биринде бир нече жаш кыздын мушташуусу тартылган видео тарары менен факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын белгиледи.

Натыйжада окуя 28-майда түнкү саат 00:15 чамасында болгону аныкталган. Ал түнү үч кыздын ортосунда түшүнбөстүк чыгып, оозеки кайым айтышуудан кийин мушташышкан. Бирок окуядан кийин кыздар тил табышып, тарап кетишкен.

Милицияга окуя боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес. Ошондой эле жабыркагандар медициналык мекемелерге кайрылышкан эмес. Учурда Каракол ШИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: