Нарында жол кырсыгына кабылган АКШнын жараны Бишкекке тик учак менен алып келинди



Нарында жол кырсыгына кабылган АКШнын жараны Жейден Ридди Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, кечээ, 5-июнда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер кызматчылары тик учак менен оор абалдагы америкалыкты Нарын шаарынан Бишкек шаарына алып келишкен.
Министрлик ал Нарын облусунда жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алганын, андыктан ага тез арада адистештирилген медициналык жардам керек болгонун белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.