super.kg logo

Индияда дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсү ишке киргизилди (видео)

 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Чинаб дарыясынын үстүнөн алып өтчү дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсүн ачты. Бул тууралуу Hindustan Times басылмасы жазды.

Көпүрө Гималай тоо этектериндеги Чинаб дарыясынын үстүнө курулган. Анын дарыянын нугунан бийиктиги 359 метр, суунун орточо деңгээлинен бийиктиги (дарыянын деңгээли мезгилге жараша өзгөрөт) кеминде 322 метр.

"Чинаб дарыясы аркылуу Жамму жана Кашмирди Индиянын калган бөлүгү менен биринчи жолу темир жол аркылуу байланыштыра турган көпүрө аймактагы транспорттук инфраструктураны жана туризм тармагын өнүктүрүүгө жардам берет", - деген өкмөт башчысы ачылыш аземинде.

Жаңы көпүрө Кашмирде көп кездешкен жер титирөөлөргө жана ылдамдыгы 74 метр секундга чейин жеткен шамалга туруштук берүүгө ылайыкталган. Узундугу 1,3 чакырым.

Көпүрөнүн ачылышы 2019-жылга пландалган. Бирок бир катар себептерден, анын ичинде коронавирус пандемиясынан улам курулушту аяктоо кечеңдеген.






08.06.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: