super.kg logo

Журналисттерге Украина аскерлеринин сөөктөрү көрсөтүлдү (видео)

 

Бүгүн, 8-июнда каза болгон украин аскерлеринин сөөктөрү салынган муздаткычы бар жүк ташуучу унаалардын бири чет элдик жана орусиялык журналисттердин көрүүсү үчүн ачылганын "РИА Новости" билдирди.

Жеринен тартылган видеодон жүк ташуучу унаанын арткы бөлүгү ачылганда ак түстөгү атайын каптарды көрүүгө болот. Басылма белгилегендей, аларда украин аскерлеринин сөөктөрү бар.

Орус президентинин жардамчысы Владимир Мединский бир күн мурун украин тарап каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн жана туткундарды алмаштырууну белгисиз мөөнөткө жылдырганын айткан.

Эске салсак, 2-июнда Түркиянын Стамбул шаарында орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө тараптар 6000ден каза болгондордун сөөктөрүн жана туткундарды алмашууну макулдашышкан.






08.06.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: