super.kg logo

Израил Madleen кемесиндеги активисттерди өз өлкөлөрүнө кайтарат

 

Израил бийлиги Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган Madleen кемеси Израилге жиберилерин, кемедеги 12 активист өз өлкөлөрүнө кайтарыларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кеме Газа жээгинен 185 чакырым алыстыктан кармалган. Активисттер жаракат алышкан эмес. Министрлик активисттердин видеосун да жарыялады.

Кеме 1-июнда Италиянын Катания портунан чыккан жана анда төмөнкү белгилүү активисттер жана укук коргоочулар болгон:

  • Рима Хассан – Европарламент депутаты (Франция)
  • Ясемин Ажар – германиялык укук коргоочу
  • Грета Тунберг – швециялык климат активисти
  • Түркия, Бразилия, Испания, Нидерланд, Франция жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр.

Алар Израиль армиясы кийлигишсе, тынч жол менен аракет кыла турганын алдын ала билдиришкен.

Эске салсак, кечээ, 8-июнда Израиль Газа тилкесине багыт алган Madleen кемеcин токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: