super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар поезд менен Балыкчыга барышты

 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач депутаттар "Бишкек 2 – Балыкчы" темир жол каттамы аркылуу жаңыланган вагондо жүргүнчүлөр менен бирге барып, оңдоо иштеринин сапатына күбө болушту. Ошондой эле эл өкүлдөрү поездде бараткандар менен баарлашып, ар бир вагонду кыдырып чыгышты.

Комитет мүчөлөрү андан ары Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушунан кабар алышты. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси Азамат Сакиев билдиргендей долбоордун Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгүнүн 30-чакырымынан 44-чакырымына чейин суу куурларын орнотуу, бургулоо жана жардыруу сыяктуу иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары, 37 чакырым аралыкта жолдун үстүңкү курулушу бүткөрүлүп, 38-чакырымына балласт, рельс жана шпалдарды жеткирүү иштери кызуу жүрүүдө. 63 чакырым узундуктагы Балыкчы – Кочкор темир жолун куруунун болжолдуу баасы 9 472 миллион сомду түзөт.

Комитет мүчөлөрү Бишкек 2, Балыкчы темир жол бекеттеринин абалы менен да таанышып, Кочкор районундагы жумушчулар үчүн салынган жатакананы көрүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: