super.kg logo

"Натыйжа кайда?.." Бишкектин мэри Жунушалиев Депо-3тү текшерди

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кустанай көчөсү №121 дарегинде жайгашкан ДЕПО-3 аймагын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аймак Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Депону реконструкциялоо" долбоорунун алкагында оңдолушу керек болчу. Бирок эки жыл өткөнүнө карабастан бул жерде иш баштала элек.

"Гранттык каражаттар 2022-жылы бөлүнгөн, натыйжа кайда? Биз кайсы иштер үчүн акча төлөшүбүз керек? Мындай убакытта биз жолдорду, спорт объекттерин салып бүтөбүз. Силер болсо жок дегенде асфальт төшөп, автобустар үчүн шарт түзүшүңөр керек болчу", - деди Айбек Жунушалиев жооптууларга.

Мэрия долбоорду кошумча каржылык жүктөм жаратпастан, буга чейин бекитилген гранттык каражаттардын чегинде ишке ашырууну сунуштап жатат. Бирок кеңешчилер жана банк реконструкцияны бүтүрүү үчүн грант жетишсиз болушу мүмкүн экенин, кошумча гранттык же кредиттик каражаттар керек экенин билдиришүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: