super.kg logo

Акыйкатчы "Эне үйү" борборунда жашап жаткан аялдардан кабар алды

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева турмуштун оор сыноосунан улам баш калкалаар жайы жок "Эне үйү" ресурстук борборунда жашап жаткан аялдардан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы борбордун шарттары менен таанышып, ал жерде балдары менен бирге жашап жаткан энелер менен баарлашты. Акыйкатчы институту зарыл учурда аялдарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Канчалык оор абал болбосун эне менен бала бирге болушу керек. "Эне үйү" сыяктуу борборлордун ачылышы абдан маанилүү. Алар энелерге убактылуу баш калкалоочу жай берип, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына кайрылууга, кырдаалды баалап, өзүн жана баласын ойлоп туура чечим кабыл алууга шарт түзөт”,- деди акыйкатчы.

“Эне үйүнүн” аймактык өкүлү Назгүл Турдубекованын айтымында, борбор ачылгандан кийинки биринчи жумада эле 25 арыз түшкөн.

Эске салсак, аталган борбор жаңы төрөлгөн ымыркайы бар аялдарды кабыл алат. Эне жана бала бул жерде 6 айга чейин жашай алышат. Аларга турак жай менен бирге психологиялык жана укуктук жардам, документтерин калыбына келтирүү, ишке орношуу жана социалдык адаптация боюнча жардам көрсөтүлөт.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: