super.kg logo

Алгачкылардан болуп — Bakai Bank кыймылсыз мүлктү онлайн күрөөгө каттоо кызматын ишке киргизди

 

Bakai Bank кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну онлайн каттоо кызматын ишке киргизди. Бул жаңы технология биздин кардарлар тарабынан насыя берүү процессинде ийгиликтүү колдонулуп жатат жана кардарларга нотариуска же мамлекеттик каттоо органдарына барбастан, каттоону болгону 5–10 мүнөттүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын ичинен алгачкылардан болуп, Bakai Bank насыя алуудагы күрөөнү онлайн тартипте каттоо процессин ишке ашырды. Эми кардарлар насыя келишиминдеги негизги этапты аралыктан, BakAi мобилдик банкинги аркылуу өтүп, эң башкысы — убакытты үнөмдөп, кагаз иштеринен арылып, каттоону оңой бүтүрө алышат.

Bakai Bank кардарларды ашыкча кадамдардан арылтып, банктык кызматтарды мурдагыдан да ыңгайлуу кылууга умтулат. Күрөөнү онлайн каттоо — бул банк кызматтарын санариптештирүүдөгү маанилүү жана алгачкы кадамдардын бири. Бул кызмат акыркы эки айдан бери иш жүзүндө колдонулуп, кыймылсыз мүлктү онлайн күрөөгө каттоо кардарлар менен ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.

Бул кантип иштейт?

Насыя жактырылгандан кийин, кардар төмөнкү документтерди тапшырат:

  • Эгер никеде болсо — күрөөгө коюу жана насыя алуу үчүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдук;
  • Эгер никеде болбосо — үй-бүлөлүк абалы тууралуу арыз;
  • Кыймылсыз мүлккө камсыздандыруу полиси.

Андан кийин кардар BakAi мобилдик тиркемесине кирип, ипотекалык келишимдин шарттары менен таанышып, ага электрондук санарип кол тамга (ЭЦП) аркылуу кол коёт. Бул процедура орточо эсеп менен 5–10 мүнөттүн ичинде бүткөрүлөт, жана нотариуска же мамлекеттик каттоо органдарына баруунун кереги жок.

Бүгүнкү күндө бир нече келишимдер ийгиликтүү катталып, Bakai Bankтын кардарлары тастыкташты: онлайн каттоо — бул тез, ыңгайлуу жана коопсуз.

Bakai Bank – маанилүү нерселер үчүн.

Бекитем






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: