Пияз, сарымсак да кошулат... Балмуздак тууралуу кызыктуу фактылар
Бүгүн, 10-июнь - эл аралык балмуздак күнү. Балмуздак - бул балдар үчүн да, чоңдор үчүн да эң сүйүктүү азыктардын бири.
Балмуздактын тарыхы миңдеген жылдарга барып такалат. Алгач муз жана бал аралашмалары Кытайда, андан кийин Персияда жана башка байыркы цивилизациялардын дасторконунда пайда болгон. Европа өлкөлөрүнө балмуздак орто кылымдарда жеткен, ал эми бүгүнкүдөй формадагы түрү алгач Италияда даярдалган.
Балмуздак жасоодо ар кандай кошулмалар колдонулат, бирок анын негизги курамы - сүт, каймак жана кант. Түрдүү даамдарды кошуп, шоколад, мөмө-жемиш, жаңгак же сироп менен даамын арттырышат.
Бүгүнкү күндө балмуздак дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда популярдуу. Ар бир өлкөнүн өзүнө таандык даамы жана жасоо ыкмасы бар. Мисалы, Японияда жашыл чай (матча) балмуздагы кеңири таралган. Балмуздак - бул жөн гана муздак даам эмес, ал маданияттын, тарыхтын ажырагыс бөлүгү.
Балмуздактын мекени - Кытай
Балмуздак тууралуу алгачкы маалыматтар 4 миң жылдан ашык убакыт мурда байыркы Кытайда кездешет. Ал убакта падышалар үчүн өзгөчө даамдуу муздак десерт даярдалчу. Анда кар менен муз аралаштырылып, ага апельсин, лимон кесиндилери жана анар дандары кошулчу.
Рим императорунун сарайында да ушуга окшогон муздак даамдар абдан популярдуу болгон. Аппий жолунун боюнда тизилип турган чуркоочулар бири-бирине тоо чокуларынан чогултулган кар салынган челектерди өткөрүп турушкан. Бул карды мүмкүн болушунча тез арада императордун ашканасына жеткирүү үчүн жасалган. Ал жерге жеткенден кийин карга жемиш ширелери жана башка таттуу кошулмалар аралаштырылып, даамдуу муздак десерт даярдалган.
Жемиш музу (фруктовый лёд) тоңуп калган лимонаддан жасалган
Жемиш музун америкалык Фрэнк Эпперсон ойлоп тапкан. Ал кечинде лимонад куюлган стаканды, ичинде аралаштыруучу таякчасы менен унутуп койгон. Ошол күнү түнкүсүн аба ырайы кескин төмөндөп кетип, лимонад таякча менен кошо муз болуп калган. Эртеси эртең менен Фрэнк муздап калган массаны ооз тийип көрүп, абдан ырахат алган.
Бул идея ага ушунчалык жаккандыктан, 20 жылдан кийин ал бул рецептти патенттеп, жемиш музунун массалык өндүрүшүн баштаган. Ошол учурдан тарта бул таттуу, сергитүүчү муздак даам дүйнөгө тараган.
Адистер балмуздакты алтын кашык менен текшеришет
Адистер балмуздактын текстурасын, жытын, даамын жана эрүү ылдамдыгын жогорку тактык менен баалашы керек. Бул процесс учурунда даам сезүү органына эч кандай тышкы фактор таасир этпеши абзел. Ошондуктан алар балмуздакка баа берүүдө алтындан жасалган кашыктарды колдонушат.
Мисалы, кадимки темир же болот кашыктар менен жегенде балмуздактын даамы бир аз өзгөрүшү мүмкүн. Металл тилибиз менен тийишип, даам сезимине таасир этиши ыктымал. Ал эми алтын мындай таасир бербейт. Ошол себептен алтын кашык - эң так жана таза дегустация үчүн мыкты шайман болуп эсептелет.
Бул ыкма балмуздактын ар бир нотасын, табигый компоненттерин жана текстурасын эч бурмалоосуз сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адистер өндүрүшкө чыгара турган балмуздактын сапатын жогорку деңгээлде текшерип, керектөөчүлөргө эң даамдуу жана сапаттуу азыктын жетишин камсыз кылышат.
Жылына 15 миллиард литр балмуздак керектелет
Жыл сайын дүйнө жүзүндө орто эсеп менен 15 миллиард литрге жакын балмуздак керектелет. Бул ар бир адамга орточо эсеп менен жылына 2 литрден ашык балмуздак туура келерин көрсөтөт. Балмуздакты колдонуу боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына АКШ, Жаңы Зеландия жана Австралия кирет. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнөн Германия, Италия, Франция, Улуу Британия толуктайт. Ал эми дүйнөдөгү калк эң көп болгон Кытай дагы жалпы көлөм боюнча ири керектөөчүгө кирет.
Кондитер Кристиан Нельсон Америка боюнча саякаттап жүрүп, эскимостор тууралуу тасма көрсөтүп, көрүүчүлөргө өзүнүн уникалдуу балмуздагын сунуштаган. Ал балмуздакты шоколад менен каптап, ага "эскимостордун пирожогу" же "эскимо-пай" деген ат койгон. Муну ал 1920-жылдары ойлоп тапкан. Эскимо-пай - муздак балмуздак менен шоколаддын айкалышы, ал дүйнөдө абдан популярдуу десертке айланган. Кристиан Нельсондун бул десерти балмуздак өндүрүшүндө чоң жаңылык болуп, балмуздактын жаңы түрүнүн пайда болушуна шарт түзгөн.
Пияз, сарымсак, калемпир кошулган балмуздактар
Венесуэланын борбору Каракас шаарында жайгашкан Coromoto кафеси дүйнөдөгү эң чоң жана эң өзгөчө балмуздак тандоосу менен белгилүү. Бул жерде балмуздактын 709 түрү сунушталат. Аталган кафеде жөнөкөй мөмө-жемиштен тышкары, өзгөчө жана күтүлбөгөн кошулмалар менен жасалган балмуздактарды табууга болот. Мисалы, пияз, сарымсак, сыра, май, помидор жана калемпир сыяктуу даамдар бар. Бул балмуздактарды сынап көргөндөр үчүн чыныгы эксперимент болот.
