super.kg logo

Бишкекке июлда жаңы 90 электробус келет  

 

Бүгүнкү күндө Бишкекте жаңы 30 электробус бар, дагы калган 90 даана электробус июль айынын башында келет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Жаңыланган автобазалар электробустар үчүн атайын жабдылган биринчи комплекстүү инфраструктура.

Алар экологиялык жактан таза жана үнөмдүү шаар транспортун өнүктүрүүгө салым кошот. Базалар заманбап талаптарга жооп берип, электробустарын тейлөө, кубаттоо жана техникалык кароодон өткөрүүгө бир жерден мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп берилет маалыматта.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Депо-2нин аймагын реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө калаа башчысы кубаттоочу жайларды комплекстүү текшерүүнү тапшырды. Учурда Депо-2нин аймагында жайгашкан имараттарды оңдоо иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: