«Окууга эч качан кеч болбойт». Ошто 88 жаштагы студент Мамат Кулматов окуусун аяктады
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 88 жаштагы студенти Мамат Кулматов фармацевтика адистиги боюнча окуу жайын ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ЭлТР каналы жарыялады.
Анда айтылгандай, ал 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган. Кийин университетке тапшырган.
"Кулматов окууга барууну апасына берген убадасы үчүн чечкен. Апасы оорудан каза болгондо дарыгер болууну максат кылган", - деп жазылат маалыматта.
ОшМУ жетекчилиги аны окуу акыдан бошотуп, жатакана менен камсыздап, толук шарт түзүп берген.
«Окууга эч качан кеч болбойт», — дейт Мамат Кулматов.
09.06.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:56
2025-06-15
12:21
2025-06-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.