Элчи Руслан Казакбаев Чехиянын Түркиядагы элчиси менен жолукту
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев бүгүн, 9-июнда Чехиянын Түркиядагы элчиси Петр Штепанек менен жолугушту. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.Жолугушууда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүсүнө, Кыргыз өлкөсү менен Чехиянын эл аралык платформалардагы, анын ичинде БУУдагы кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары глобалдык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















