super.kg logo

Лос-Анжелестеги абал курч бойдон калууда

 

Калифорния штатында үч күндөн бери АКШнын президенти Дональд Трамптын иммиграциялык саясатына каршы массалык нааразычылык акциялары уланууда.

АКШ президенти Трамп шаарга Улуттук гвардиянын 2 миң аскерин жиберди. Бул кадам коомчулукта жана саясатчылар арасында катуу нааразычылык жаратты. Кийинчерээк Трамптын администрациясы Лос-Анджелестеги Улуттук гвардия күчтөрүнүн санын 4 миңге чейин көбөйттү. Бул тууралуу Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом 9-июнда соцтармакта билдирди.

Мындан тышкары, 700 деңиз аскери Калифорниядагы "Кэмп-Пендлтон" базасынан Лос-Анджелеске жиберилди. Трамптын администрациясы муну "федералдык кызматкерлерге жана имараттарга болгон коркунуч күчөп жатат" деген жүйө менен түшүндүрдү.

Президент Трамп нааразычылык акцияларына "кесипкөй чагымчылар менен башаламандык чыгаруучулар күнөөлүү" деп айтып, демонстранттарга каршы күч колдонууга даяр экенин билдирди. Ал соцтармактагы Truth Social аккаунтунда "аскерге каршы чыккандарга зомбулук колдонулат" деп эскертти.

Калифорниянын губернатору Ньюсом Трамптын бул чечимин "Америкага каршы кадам" деп атап, федералдык өкмөттү сотко берерин жарыялады. Буга жооп катары Трамп Ньюсомду кармоо мүмкүн экенин айтып чыкты.

Калифорниядагы кырдаал АКШдагы федералдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы татаал жана саясий жаңжалга айланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: