super.kg logo
  Спорт  

Алмазбек Мирзалиев “Алай” футболдук клубунун оюнчусуна айланды

 

Канттык “Абдыш-Ата” футболдук клубунун курамында 2013-жылы КРнын ТОП-Лигасынын башкы бомбардири аталган Алмазбек Мирзалиев Ош шаарынын “Алай” футболдук клубунун оюнчусуна айланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда “Алай” клубунан билдиришти.

Андан тышкары АФКнын Кубогунун финалдык баскычына чыгуу аракет көрүп жаткан “Алай” футболдук клубунун курамы “Алганын” Александр Бельдинов,  Валерий Кашуба жана Вениамин Шумейко сыяктуу футболчулары менен толукталды. Ал эми ижара түрүндө “Алгадан” Артём Муладжанов, Павел Сидоренко, “Абдыш-Атадан” Ильдар Амиров оштук клубдун курамына киришти.

Эске салсак, “Алай” футболдук клубу 2-февралда АФКнын Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алуу үчүн Палестинанын чемпиону “Шабаб Аль-Тахри” менен кез келет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"алай"клубуна ийгилик азаматсынар!Алай АЛГА!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: