АКШда хоккейчилер муз үстүндө мушташышты (видео)
"Флорида Пантерз" хоккей командасы менен "Эдмонтон Ойлерз" курамасынын оюнчуларынын ортосунда массалык мушташ болду.
Беттеш АКШнын Санрайз шаарындагы "Амерант Банк Арена" стадионунда Стэнли Кубогунун финалдык сериясынын үчүнчү оюнунун алкагында өтүп жаткан. Анда жергиликтүү команда канадалык "Эдмонтон Ойлерз" командасын кабыл алган.
Оюн учурунда канадалык клубдун чабуулчусу Трент Фредерик атаандашы Сэм Беннетти чаап жиберген. Мындан улам муз үстүндө оюнчулар ортосунда массалык мушташ башталып кеткен. Окуяндан соң эки команданын алты оюнчусу ар кандай жаза алышты.
Натыйжада оюн 6:1 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.
10.06.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.