super.kg logo

Израиль Madleen кемесиндеги активисттерди өлкөдөн чыгарып жатат

 

Израилдин Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган Madleen аттуу кемеге кийлигишүүсүнөн кийин камакка алынган активисттер депортация үчүн Бен-Гурион эл аралык аэропортуна жеткирилди. Бул тууралуу Израилдин Тышкы иштер министрлиги өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Маалыматка караганда, кеме жүргүнчүлөрүнүн айрымдары жакынкы сааттарда Израилден чыгып кетиши күтүлүүдө. Ал эми өлкөдөн кетүүдөн жана тиешелүү документтерге кол коюудан баш тарткандар сотко жеткирилери айтылды.

Бул сапар "Өзгөрүү флотилиясы коалициясы" уюму тарабынан уюштурулган. Максат - Газага каршы киргизилген блокаданы бузуп, жардам жеткирүү болчу.

18 метрлик Madleen кемеси 1-июнда Италиянын Катания шаарындагы Сан-Жованни ли Кути портунан Газага жол тарткан.

Кемеде жүргөн активисттер, Израил армиясы кийлигишсе да, тынч жол менен аракет кылып, каршылык көрсөтпөй турганын билдиришкен.

Алардын арасында Европарламенттин француз мүчөсү Рима Хассан, Германия жараны Ясемин Ажар, Түркиядан Хүсейин Шуайб Орду, Бразилиядан Тиаго Авила, Испаниядан Сержио Торибиo, Нидерланддан Марко ван Реннес, Франциядан Баптист Андре, Рева Виар, Паскаль Мурьерас жана Янис Мхамди, ошондой эле швед экологиялык активисти Грета Тунберг жана журналист Омар Файяд болгон.

Эске салсак, 8-июнда Израиль Газа тилкесине багыт алган Madleen кемеcин токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: