Ош шаарынын мэри Ак-Буура милиция бөлүмүнө убадалаган унааны берди (видео)
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 10-июнда Ак-Буура милиция бөлүмүнө убадалаган унаасын берди. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.
Шаар башчысы унааны кечээ убадалаганын белгилеп, учурда милиция кызматкерлерине жакшы шарттар түзүлүп жатканын айтты.
"Мурдагыдай эски кийим, эски өтүк дегендер жок. Силерде мына, татынакай мекемелер бар, унаалар бар, айлыгыңар жакшы. Жакшы иштеп, үй-бүлөңөр, эли-жериңер үчүн таза иштеп беришиңер керек. Балдарыңар, неберелериңер, эл силер жөнүндө жакшы сүйлөшү керек", - деди Токторбаев.
Эске салсак, кечээ, 9-июнда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болгон.
Токторов тапшырган унаа
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-06-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.