super.kg logo

Индиянын аэропортунда жүргүнчүнүн чемоданынан 95 даана экзотикалык жаныбар табылды

 

Индиянын Мумбаи шаарындагы Чхатрапати Шиваджи Махараж эл аралык аэропортунда Таиланддан келген жүргүнчүнүн чемоданынан 95 даана экзотикалык жаныбар табылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Бангкоктон Мумбаиге келген жүргүнчү аэропортто кармалып, бажы кызматкерлери тарабынан суракка алынган. Сурак учурунда жүргүнчүнүн өзүн шектүү жана тынчы жок алып жүргөнүн байкашкан кызматкерлер анын жүгүн текшерүүнү чечишкен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө анын чемоданынан төмөнкү жаныбарлар табылган:

  • 2 түрдүү тарантула (жөргөмүш),
  • 80 игуана (анын ичинен 50сү тирүү, 30у өлүк),
  • 1 малай аюусу,
  • 2 кызыл тамандуу таш бака,
  • 6 учуучу тыйын чычкан,
  • Ар түрдүү түрлөрдөн 2 өлүк канаттуу,
  • 2 булбул.

Бажы кызматкерлери бул жаныбарлардын көбү жоголуп кетүү коркунучунда турган жана соодасы мыйзамсыз болгон жапайы жаныбарлар экенин белгилешти. Жүргүнчү камакка алынды.

Ошондой эле бул адам мурда да ушундай мыйзамсыз аракеттерге катышканбы же жокпу деген суроо териштирилип жатат. Мындан тышкары бул ишке катышы бар болгон башка адамдар же топтор аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: