Адылбек Касымалиев Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон иш сапарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өкмөттөн маалымдашты.
Касымалиев өзбек элин 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктап, Өзбекстан курама командасына ийгилик каалады.
Өз кезегинде Мирзиеев Касымалиевге Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышууга келгенине ыраазычылыгын билдирип, президент Садыр Жапаровго ысык саламдарын жолдоду.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

