super.kg logo

Лос-Анжелес: Коменданттык саат башталгандан кийин жарандар тарады

 

Лос-Анжелестин борбордук бөлүгүндө нааразычылык акциясына чыккан жарандар коменданттык сааттын күчүнө киришине бир нече мүнөт калганда аянттан кете башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча 10-июнь саат 20:00дө (Бишкек сааты менен бүгүн, 11-июнь 09:00) мэриянын айланасында бир нече миңдей адам топтолуп турган. Бирок он мүнөт өтпөй эле полиция, анын ичинде атчан полиция кызматкерлери аянтты курчоого алышып, митингге чыккандарды таратууга мажбурлады.

"Көздөн жаш агызуучу газ колдонулган жок. Бирок ок атылган үндөр угулду, бирок алар резина окпу же башкабы – такталган жок. Массалык камоолор болгон жок", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, коменданттык саат Лос-Анжелестин мэри Карен Басстын буйругу менен киргизилген жана ал саат 20:00дөн 06:00гө чейин күчүндө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: