super.kg logo

"Венгерлердин Украина үчүн өлгүлөрү келбейт". Орбан Зеленскийдин сынына кескин жооп берди

 

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина президенти Владимир Зеленскийдин Válasz Online басылмасына берген маегине кескин реакция кылды. Ал өз жообун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Орбандын айтымында, маекте Зеленский Будапештти Украинадагы ички иштерге кийлигишүүдө деп айыптаган.

"Зеленский бизге кол салууда, анткени венгерлер Украинанын кызыкчылыгы үчүн өлгүсү келбейт. Биз балдарыбыздын фронттон табытта кайтып келишин каалабайбыз. Венгриянын акчасынын Украинанын керектөөсүнө жумшалышын да каалабайбыз" - деп жазды ал.

Зеленский маегинде Венгрия өкмөтү Орусия-Украина согушу темасын өзүнүн парламенттик шайлоодогу кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатканын айткан. Ошондой эле ал венгер бийлиги "ондогон жолу ар түрдүү ыкмалар менен" Украинанын ички ишине кийлигишүүгө аракет кылганын, бирок бул окуялардын көбү жашыруун чечилгенин билдирген.

Венгрия өкмөтүнүн спикери Золтан Ковач жооп кайтарып, Зеленскийди "Тиса" партиясы үчүн ачык үгүт жүргүзүүдө деп айыптады. Ошондой эле ал Орбанды "Европага каршы позицияда" болуп, согушту саясий максаттар үчүн колдонууда деп күнөөлөп жатканын белгиледи.

"Зеленский Европа биримдигине мүчө болбогон өлкөнүн лидери болуу менен венгерлерге сабак берип жатат. Бул абдан күлкүлүү", - деп кошумчалады спикер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: