"Бөйрөктөр эзилип кетет". Исхак Масалиев шаар четиндеги жолдорду оңдоо керектигин айтты (видео)
Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкек шаарынын четиндеги конуштардын жолдорун оңдоо боюнча план түзүлүшү керектигин айтты.
Ал мунун үстүнөн Транспорт министрлиги иш алып баруусу керек дейт.
"Борборубуздун айланасындагы жолдор талкаланган. Кээ бир жолдор Советтик мезгилден бери турат. Жаңы-Арык сыяктуу айылдарга чейин жеткиче бөйрөктөр эзилип кетет. Ошондуктан министрлик шаардын тегерегиндеги айылдарга алып барган жолдорду комплекстүү изилдеп, план түзүп, бекитиши керек. Ошондо планга ылайык, кезеги менен оңдоло бермек", - деди Масалиев.
Жогорку Кеңеш 11.06.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

