super.kg logo

АКШнын Техас штатына дагы Улуттук гвардиянын жоокерлери жайгаштырылат

 

АКШнын Техас штатынын губернатору Грег Эбботт полициянын мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддеринен кийин башталган нааразычылык акцияларына байланыштуу Улуттук гвардиянын аскерлери штат боюнча жайгаштырыларын билдирди.

"Техас Улуттук гвардиясы тынчтыкты жана тартипти камсыз кылуу үчүн штаттын бардык жерлерине жайгаштырылат"- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Эббот тынч митингдерге тыюу салынбаганын, бирок адамдарга жана мүлккө зыян келтирген демонстранттар жазаланарын, Улуттук гвардия тартипти сактоо үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын белгиледи.

Эске салсак, Лос-Анжелесте массалык нааразычылык акциялары полициянын мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейдинен кийин башталган. АКШнын президенти Дональд Трамп 7-июнда баш аламандыктарды токтотуу үчүн Улуттук гвардияны жайгаштырууну буйруган.

Митингдер Нью-Йоркто, Чикагодо, Сиэтлде, Денверде, Сан-Францискодо жана Американын башка ири шаарларында да болуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: