super.kg logo

Ошто курал колдонуу эрежелерин бузгандарга 477 миң сом айып салынды

 
Ош облусунда "Арсенал" ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда 6 курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, атайын иш-чаранын жүрүшүндө 1250 мергенчиликти сүйүүчүлөр, 60 газ-жарат келтирүүчү куралы бар жарандар жана 2 сыйлыкка берилген куралдын ээси текшерилиди.
"Ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 32 жаранга протоколдор түзүлүп, 477 миң сом айып пул салынды. Мыйзамсыз иш аракеттерди аныктоо максатында 624 автоунаа, 3466 үй ээси, 15 базар, 2 мейманкана, 9 көңүл ачуучу жай текшерилди. Анын алкагында 6 даана ок атуучу курал мыйзамсыз сакталгандыгы үчүн алынды",- деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: