Бишкекте жарандан 4 миң доллар талап кылган тергөөчү менен прокурордун жардамчысы кармалды (видео)







Бишкекте опузалап акча талап кылган укук коргоо органдарынын кызмат адамдары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 7-июнда мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюлду. Ленин райондук милициясынын улук тергөөчүсү Г.Н. Ленин районунун прокурорунун жардамчысы Т.Ч. менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн жарандан 4 миң долларды опузалап алган.
Белгиленгендей, тергөөчү аталган сумманы прокурордун жардамчысына өткөрүп берип, андан кийин экөө тең ыкчам кызматтар тарабынан дароо кармалды.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан акча талап кылуу фактысы боюнча
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

14:49
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.