super.kg logo
  Саясат  

Туманбаев: “Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" аркылуу онлайн кезекке туруу мүмкүн”

 
Мамлекеттик ипотекалык компанияга эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн кезекке туруу мүмкүн. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.
Бүгүн биз дагы бир маанилүү жаңылыкты элге тартууладык. Президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында мамлекеттик ипотекага "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке ашты. Мурда документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми баары жеңилдеди – болгону 2-3 мүнөттө бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жада калса жубайыңдын макулдугу да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берилет.
Бул жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге жеткиликтүү болуп баратат”,- деп жазды Туманбаев.
Эске салсак, "Түндүк" тиркемеси аркылуу буга чейин ID-карта алуу, ЖААК күбөлүктөрүн кайра чыгартуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болгон. Эми бул тизмеге мамлекеттик ипотека боюнча онлайн кезекке туруу мүмкүнчүлүгү да кошулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: