Кара-Суу дарыясынан өткөн көпүрө пайдаланууга берилди




Кара-Жыгач–Сары-Челек унаа жолунун 3,8-чакырымында жайгашып, Кара-Суу дарыясынан өткөн көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.
Курулушу аяктаган көпүрөнүн узундугу 36 метрди, туурасы 10,6 метрди түзөт. Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрге кеңейип, жөө жүргүнчүлөр үчүн эки тарабына тротуар салынды. Бардык талаптарга жооп берген көпүрөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү 80 тоннага эсептелинип, 4 тарабы бетон менен бекемделди. Ошондой эле кошумча дамба куруу иштери да жүрдү.
Эске салсак, буга чейин колдонулуп келген эски көпүрө 1979-жылы курулган. Ал акыркы жылдары авариялык абалга кептелгендиктен жаңысын салуу чечими кабыл алынып, 2024-жылы курулуш иштери башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-06-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.