super.kg logo

Түндүк Ирландияда баш аламандык учурунда 17 полиция кызматкери жабыркады (видео)

 

Түндүк Ирландияда мигранттарга каршы өткөн нааразылык акцияларында 17 полиция кызматкери жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Баллимена шаарындагы Клонавон-Террис аттуу райондо үч миңден ашуун жаран бир нече саат бою полиция кызматкерлерине күйүүчү суюктук куюлган бөтөлкөлөрдү, таштарды жана кыштарды ыргытышкан. Тартип сакчылары 29 жаштагы жаранды кармашкан.

Полиция нааразылык билдирип жаткандарга каршы резина ок колдонду. Баш аламандык учурунда төрт үй өрттөлдү. Шаар бийлиги Англия жана Уэльстен жардам сурай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, баш аламандык 14 жаштагы эки румыниялык мигранттын өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган деп айыпталгандан кийин башталган. Эки айыпталуучу тең коюлган айыпты четке кагып жатканы айтылууда.






Түндүк Ирландияда башаламандык учурунда жабыркаган полиция кызматкерлеринин саны 17ге жетти (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: