super.kg logo
  Саясат  

Орусия кызамык оорусунун жайылышын мигранттар менен байланыштырууда

 

Орусияда кызамык оорусунун жайылышы өлкөгө келген мигранттар жана цыгандардын арасында эмделбеген адамдар менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Орусия Илимдер академиясынын академиги, Сеченов атындагы университеттин кафедра башчысы Николай Бриконун айтымында, кызамык, кызылча жана көк жөтөл менен ооругандардын дээрлик 90 пайызы мурда бул ооруларга каршы эмдөөдөн өткөн эмес.

"Эмгек мигранттары, туристтер жана мажбурлап көчүрүлгөн адамдар сыяктуу эмдөөдөн өтпөгөн чет өлкөлүктөр оору алып келишет. Алар бул жакта ооруп, башкаларга да жугузушат. Эгер аларды өз убагында аныктап, чара көрүлбөсө, алар ооруну таратып жибериши мүмкүн",- деди Брико.

Орус басылмаларынын маалыматында, өлкөгө келген айрым топтор диний себептерден улам вакцина алуудан баш тартышат, ал эми цыгандар обочолонгон жашоо образын карманышат. Оорулардын жайылышына себеп болгон дагы бир фактор — жалпы жамааттык иммунитеттин төмөндөшү жана вакциналардын сакталуу сапаты. Эгерде кызамык же кызылчага каршы вакцина туура эмес шартта сакталса, анда ал өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: