Леди Гаганын концерти Гиннестин рекорддор китебине киргизилди
Белгилүү америкалык ырчы Леди Гаганын концерти 3-майда Рио-де-Жанейродогу Копакабана пляжында өтүп, Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу китептин расмий сайтында жарыяланды.
Маалымдалгандай, концерт аял музыканттар арасында эң көп көрүүчү чогулган иш-чара болду. Ага 2,5 миллионго жакын адам келген.
Бул Леди Гаганын Бразилиядагы акыркы 13 жыл ичинде биринчи жолу сахнага чыгуусу болгон. Ал буга чейин коюлган рекордду - Мадоннанын 2024-жылдын 4-майында ошол эле жерде өткөн концертинин көрсөткүчүн артта калтырды. Анын концертине 1,6 миллион адам келген.
Рекорддор боюнча салыштыруу:
- Леди Гага (2025) - 2,5 миллион көрүүчү (аялдар арасындагы рекорд).
- Мадонна (2024) - 1,6 миллион көрүүчү.
- Род Стюарт (1994) - 3,5 миллион көрүүчү (жалпы рекорд, эркектер арасында).
Гаганын концерти бекер болгон жана аны Live Nation компаниясы менен Рио шаарынын туризм департаменти биргелешип уюштурушкан.
4-майда белгилүү болгондой, концерт учурунда белгисиз адамдар тарабынан жардыруу уюштурууга аракет жасалган. Маалыматтарга караганда, жаш өспүрүмдөрдү концертке келип жаткан балдарга, өспүрүмдөргө жана ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы кол салууга үндөшкөн.
