super.kg logo

Өспүрүмдөр жайында канча саат иштей алышат? Эмгек министрлигинен жооп

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жашы жете элек кызматкерлер үчүн жайкы каникулда жумуш убактысынын уруксат берилген узактыгы тууралуу маалымат берди.
Маалымдалгандай, Эмгек кодексине ылайык, эмгек ишмердүүлүгүнө 16 жашка толгон жарандар киргизилет.
"Айрым учурларда мамлекеттик органдын макулдугу менен 15 жаштан баштап өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууга болот. Ошондой эле ата-энесинин биринин же камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органынын милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен 14 жаштан жогорку окуучулар менен эмгек келишимин түзүүгө жол берилет. Мындай өспүрүмдөр бош убактысында гана ден соолукка зыяны жок, окуу процессине тоскоол болбогон жеңил жумуштарды аткара алышат",- деп айтылат маалыматта.
Бирок жумуш күнүнүн узактыгына чектөөлөр каралат:
  • 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн - күнүнө 5 сааттан ашык эмес;
  • 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн - күнүнө 7 сааттан ашык эмес.
Жашы жете элек адам жумуш менен окууну айкалыштырса, жумуш убактысынын узактыгы төмөндөйт:
  • 14-16 жаш - күнүнө 2,5 сааттан ашык эмес;
  • 16-18 жаш - күнүнө 3,5 сааттан ашык эмес.
Министрлик балдар эмгегин оор жумуштарга колдонууга катуу тыюу салынарын, жашы жете электерди жумушка алууда иш берүүчүлөр эмгек мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого милдеттүү экендигин эскертти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: