Футбол беттешинде майып балага камкордук көрсөткөн милиция кызматкери сыйланды (видео)

Маалымдалгандай, ал Свердлов райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкери Жакшылык Нурланбеков экени аныкталды.
"Жарандардын ыраазычылык билдирүүлөрүн жана жылуу пикирлерин эске алуу менен Күзөт кызматынын башчысы Тариел Абитов Нурланбековго ыраазычылыгын билдирип, кызматындагы жоопкерчиликтүүлүгү жана адамкерчиликтүү мамилеси үчүн Ардак грамота менен сыйлады",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, кечээ, 11-июнда интернет колдонуучусу мүмкүнчүлүгү чектелген балага жардам берген милиция кызматкерине ыраазычылыгын билдирип, сүрөтүн жарыялаган. Коомчулук анын бул мамилесине жылуу пикрилерин билдиришти.
Бишкекте футболдо майып балага камкордук көрсөткөн милиция кызматкери сыйланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-06-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.