super.kg logo

Индиядагы учак кырсыгынын болжолдуу себеби айтылууда

 

Индиянын News 18 телеканалы өздүк булактарына таянуу менен Ахмедабад шаарындагы учак кырсыгынын болжолдуу себебин жазды.

Маалым болгондой, Air India авиакомпаниясына таандык Boeing 787 Dreamliner учагы эки кыймылдаткыч тең иштен чыгышынан кырсыкка учураган болушу мүмкүн.

Кырсыктын себеби эки кыймылдаткычтын тең иштен чыгышы болушу мүмкүн”, — деп жазат телеканал.

Маалыматка караганда, учкуч кыймылдаткычтар иштен чыккандан кийин диспетчерлерге авариялык белги жөнөткөн. Ошол эле учурда кырсыктын себептери боюнча иликтөө уланууда. Акыркы тыянактарды чыгарууга азырынча эрте экени белгиленди.

Бүгүн, 12-июнда Ахмедабаддан Лондонго учуп бараткан AirIndia Boeing 787 Dreamliner учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн.

Белгилей кетсек, учактын ичинде жалпы 242 жүргүнчү болгон. Алардын 169у Индиянын, 53ү Британиянын, Канаданын 1, Португалиянын 7 жараны болгон. Алдын ала маалыматтарда 200дөн ашуун адам каза болгону, учактын калдыктары дарыгерлердин жатаканасына түшкөнү айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: