super.kg logo

Орусия менен Украина туткундагы аскер кызматкерлеринин кезектеги алмашуусун өткөрүштү

 

Орусия менен Украина 12-июнда согуш туткундарын алмаштыруунун жаңы раундун өткөргөнүн президент Владимир Зеленский билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Бүгүн биздин армиянын жоокерлери, улуттук гвардиячылар, чек арачылар үйдө. Алардын баары дарыланууга муктаж жана аларга сөзсүз түрдө керектүү жардам көрсөтүлөт. Бул оор жарадар болгон жана оор оорулуу жоокерлердин кайтып келишинин экинчи этабы",- деп жазды украин президенти өзүнүн Telegram каналында.

Орусиянын Коргоо министрлиги алмашуу болгонун тастыктады. Орусия да, Украина да алмашылган аскерлердин так санын маалымдаган жок.

Белгилей кетсек, Стамбулдагы сүйлөшүүдө Орусия менен Украинанын делегациялары макулдашкан масштабдуу алмашуу 9-июнда башталган. 11-июнда каза болгон 1212 жоокердин сөөгү Украинага, ал эми каза болгон 27 жоокердин сөөгү Орусияга кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: