super.kg logo

Индиядагы учак кырсыгы: Каза болгондордун саны 310дон ашты 

 

Индиядагы учак кырсыгынан каза болгондордун саны 310дон ашты. Бул тууралуу индиялык басылмалар жазышууда.

Лондонду көздөй багыт алган Air India авиакомпаниясына таандык учак Ахмадабаддагы эл аралык аэропорттон учуп чыккандан бир нече мүнөт өткөн соң Меганинагар аймагына кулап түштү. Ахмадабад полициясы Air India каттамында 241 адам каза болгонун, бир гана Улуу Британиянын 40 жаштагы жараны Рамеш Вишвашкумар аман калганын тастыктады.

Ошондой эле учак кулаган Ахмадабаддын Меганинагар аймагындагы оорукана кызматкерлеринин жатаканасынан дагы 75 адамдын сөөгү табылган.

Учакта 242 адам, анын ичинде 230 жүргүнчү жана 12 экипаж мүчөсү болгон. Аба кемесин 8 200 саат учуу тажрыйбасы бар капитан Сумит Сабхарвал жана 1 100 саат учкан биринчи офицер Клайв Кундар башкарып бараткан.

Индиянын Жарандык авиация башкы башкармалыгынын (DGCA) маалыматы боюнча, учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:39да учуп, “MAYDAY” сигналы берилгенден кийин байланыш үзүлгөн.

Эске салсак, кечээ, 12-июнда Ахмедабаддан Лондонго учуп чыккан Air India Boeing 787 Dreamliner учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн.

"Air India" учакта 242 адам болгонун кабарлады. Алардын 169у Индиянын, 53ү Британиянын, 1и Канаданын, 7си Португалиянын жараны болгон.

Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учак кырсыгында каза болгон жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары болбогонун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: