Фестивалга барган дагы бир блогердин көйнөгү сынга кабылды




11-июнда III Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Фестиваль алгач көк түстөгү "Асман жолу" килеминен өтүүдөн башталган. Анда белгилүүлөр түрдүү образдары менен элдин көңүлүн бурган.
Айрым атактуулардын көйнөктөрү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Алардын катарында Уулкан аттуу блогер кыздын образын "биздин маданиятка мындай кийим туура келбейт", "уят" деп сындашса, айрымдары "мындай эр жүрөктүүлүктү кайдан аласыңар?", "суктандым" деп жазгандар да бар.
Эскерте кетсек, аталган фестивалга блогер Жанара Осмоналиева ич кийими көрүнгөн көйнөк кийип барганы үчүн кинофестивалдын директоруна, уюштуруучуларга жана тиешелүү кызматкерлерге кызматтык сөгүш берилди.
Уулкан
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:21
2025-06-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.