super.kg logo

АКШ Израилдин Иранга жасаган аскердик соккусуна тиешеси жок экенин билдирди    

 

Израил Ирандын өзөктүк объекттерине Тегерандын атомдук курал жасоосун токтотуу үчүн сокку урган. Мындай билдирүүсүн АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, Трамптын администрациясы ушул жекшемби күнү Тегерандын уранды байытуу программасын күчөтүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасын өткөрүүгө даярданып жаткан.

Марко Рубио Израилдин соккулары бир тараптуу болгонун баса белгилеп, бирок АКШ кол салуулардын болорун билгенин айтты.

"Биз Иранга каршы сокку урууга катышыбыз жок, биздин башкы максат ал аймактагы америкалык күчтөрдү коргоо. Израил бизге бул иш-аракеттерди өзүн-өзү коргоо үчүн зарыл деп эсептей турганын айтты", - деп билдирди Рубио басылмаларга.

Рубио Иранга катуу эскертүүсүн АКШ Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлердин бир бөлүгүн чыгарып кетүүгө буйрук бергенден кийин жасады. Ал эми Израилге Иран жооп кайтарса АКШ жардамга келеби же жокпу ачыктаган жок.

Белгилей кетсек, Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаганын жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: