Индиядагы учак кырсыгы: Жүргүнчүлөрдүн акыркы көз ирмемдери
Кечээ, 12-июнда Индиянын Ахмедабад шаарынан Лондонго багыт алган учак аба майдандан учуп чыккандан көп өтпөй кулап түштү. Учурдагы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 310дон ашты.
Интернет желесинде учак жүргүнчүлөрүнүн акыркы көз ирмемдеринен сүрөттөр жарыяланды.
Ата менен кыздын акыркы коштошуусу ушул сүрөттө калды. Анда кызын Лондонго узаткан киши аэропорт алдында эстеликке сүрөткө түшүшкөн.
Бул үй-бүлө учак ичиндеги сүрөтү - акыркы көз ирмемдер болуп каларын билишкен эмес. Бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү учак кырсыгынан каза болду.
Каргашалуу окуя көп адамдын өмүрүн алды. Кулаган учактан бир гана жаран аман калды. Ал жүргүнчүнүн учак билети бул.
Бхуми Чаухан аэропортко кечигип келип, Ахмедабад-Лондон багыты боюнча каттамга жетишпей калган.
Ошондой эле британиялык эки жарандын Инстаграм баракчасынын тарыхчасына тартылган акыркы видеосу да тарады. Видеодо алар Индия менен коштошуп, 10 сааттан соң Англияда болорун айтышкан.
"- Сен үчүн эң чоң сабак эмне болду Жэми?
- Мен үчүн эмне эң чоң сабак болду? Ммм...
- Ооба, кызык болуп жатат. Менин эң чоң сабагым болсо - аурага (адамдын энергиясына, маанайына) карата сабырдуулукту жоготпоо болду.
- Сен мени менен чай ичип отурганда чыдап күтө албайсың го, демек, сен эч нерсе үйрөнбөпсүң.
Кайтып жатабыз, бактылуубуз, бактылуубуз...",- деген диалог болгон видеодо.
Акыркы сторис
