ТИМ Иранда жүргөн кыргызстандыктарга эскертүү берди
Израил менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат.
"Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат",- деп айтылат маалыматта.
Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жана консулдук жардам алуу үчүн элчиликтин ыкчам байланыш номерлерине кайрылууга боло тургандыгын эскертти. Алар: +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54, +996999312002.
