super.kg logo

Израилдин Иранга жасаган соккусу: Учурда эки өлкөдө абал кандай?

 

Израил 13-июнга караган түнү Ирандын ядролук программасына тиешелүү объекттерге сокку урганын жарыялады. Анда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Саламинин өлгөнү маалымдалды. Израилдин Коргоо күчтөрү билдиргендей, Иран жооп иретинде Израилге 150 дрон учурду. Израилде өзгөчө абал режими жарыяланды.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Израил Тегеран жана башка шаарлардагы 60 обьектти бутага алганын кабарлашты. Тегеранда саат болжол менен 03:30да жарылуулардын үнү угулду. Ирандын борборуна жасалган соккудан жабыркаган турак үйлөрдүн сүрөттөрү жарыяланды.

Маалыматка караганда, сокку Ирандын борборундагы Ислам революциясынын корпусунун штабына урулду. Ирандын Натанздагы ядролук объектисинин аймагында жарылуулар катталганы тууралуу маалыматтар бар. Бул объект Тегерандын түштүгүндө жайгашкан.

Көп өтпөй Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Натанздагы объектке сокку урулганын тастыктап, бирок радиациянын деңгээли жогорулабаганын билдирди. Ирандын маалыматына ылайык, Тегерандын эл аралык аэропортунда каттамдар убактылуу токтотулган.

Израилдин бийлиги да аба мейкиндигин жапканы белгилүү болду. Flightradar24 кызматынын маалыматы боюнча, Бен-Гурион аэропортуна багытталган учактар башка аэропортторго конушууда.

Жакынкы Чыгыштагы авиакомпаниялар жана аэропорттор түнкү чабуулдан кийин каттамдардын жокко чыгарылышы жана кечигүүсү күтүлүп жатканын билдиришүүдө.

Окуя боюнча Израил бийлигинин маалыматы

"Биз Ирандын ядролук программасынын "жүрөгүнө" сокку урдук. Биз Натанздагы уран байытуунун негизги объектисин көздөдүк. Ошондой эле Ирандын баллистикалык ракеталарды түзүү программасына сокку урдук",- деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху видеобайланыш аркылуу жасаган билдирүүсүндө. Ал Ирандагы ядролук илимпоздорго каршы да чабуул жасалганын кошумчалады.

Нетаньяху операция "Ирандан келүүчү коркунуч толук жоюлмайынча" узакка созула турганын айтты. Израилдин коргоо министри Исраэль Кац операциянын башталганын жарыялап, өлкөдө Өзгөчө кырдаал жарыяланганын жана Ирандан жооптук чабуул күтүлүп жатканын белгиледи. Ал кошумчалагандай, соккулар "Иран режиминин Израилге улантып жаткан агрессиясына жооп катары" жасалды.

Иран бийлигинин жообу

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израил сокку үчүн сөзсүз "жооп бере турганын" айтты. Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлиги сокку аймактык бүтүндүккө жана улуттук суверенитетке шек келтирилгенин социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Иран куралдуу күчтөрүнүн маалымат катчысы генерал Абольфазл Шекарчи да мамлекеттик телеканалда өлкөнүн куралдуу күчтөрү даярданып жатканын жана жакын арада жооп соккуларын жасай турганын билдиргенин ISNA басылмасы жазып чыкты.

Шекарчи Израилдин соккуларынын максаты мамлекеттик кызматкерлер менен аскердик командирлердин үйлөрү болгонун жана алардын айрымдары каза болгонун белгиледи.

Ирандагы "Кызыл Ай" коому расмий сайтында билдиргендей, Израиль аскерлери Ирандын сегиз провинциясындагы 60тан ашык жайга сокку урушту. Учурда 669 куткаруучу сокку урулган Ирандын сегиз провинциясында жардам көрсөтүүдө. Израил аскерлеринин аракетинен жабыркаган провинциялардын арасында Тегеран, Исфахан, Илам, Хузестан жана башка жерлер бар.

Бир нече саат мурун АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон дипломатиялык жол менен маселени чечүүгө үмүт артканын айтып, Израилди Иранга сокку жасабоого чакырган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израил Ирандын өзөктүк объекттерине Тегерандын атомдук курал жасоосун токтотуу үчүн сокку урганын маалымдады. Анын айтымында, Трамптын администрациясы ушул жекшемби күнү Тегерандын уранды байытуу программасын күчөтүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасын өткөрүүгө даярданып жаткан.

Марко Рубио Израилдин соккулары бир тараптуу болгонун баса белгилеп, бирок АКШ кол салуулардын болорун алдын ала билгенин айтты.

"Иранга каршы сокку урууга катышыбыз жок, биздин башкы максат ал аймактагы америкалык күчтөрдү коргоо. Израил бизге бул иш-аракеттерди өзүн-өзү коргоо үчүн зарыл деп эсептей турганын айтты",- деп билдирди Рубио басылмаларга.

Израилдин Коргоо күчтөрү билдиргендей, түнкү соккулардын курмандыктары катары үч жогорку даражалуу ирандык аскер, Ислам революциясы сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери жана Өзгөчө кырдаалдар штабынын командири Хатам-Гулам Али Рашид каза болду.

Ошондой эле чет элдик басылмалар өзөктүк илимпоз жана Ирандын атом энергиясы боюнча мурдагы жетекчиси Ферейдун Аббаси баш болгон алты илимпоздун өлгөнүн жазышты.

Tasnim агенттигинин маалыматына караганда, кеминде 70 адам жаракат алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: