Индиядагы учак кырсыгы: Каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнөт
Индиядагы учак кырсыгында каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Air India компаниясынын негиздөөчүсү Tata Group X социалдык тармагында жазды.
Компания Индиядагы учак кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 10 миллион рупий (орточо 116 миң 800 доллар) өлчөмүндө жардам берерин билдирди.
Ошондой эле жарадар болгондордун медициналык чыгымдарын толугу менен жаба турганын жана учак барып урунган медициналык колледжди кайра курууга колдоо көрсөтөрүн маалымдады.
"Кайгылуу окуя бизди терең кайгыртты. Бул кайгыны эч кандай сөз менен жеткире албайбыз. Оюбуз жана тилегибиз жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр жана жарадар болгондор менен бирге",- деп жазды компаниянын башкаруу кеңешинин төрагасы Натаражан Чандрасекеран.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди кырсык болгон аймакка барды жана жарадарлар менен жолукту.
Эске салсак, кечээ, 12-июнда Индиянын Ахмедабад шаарынан Лондонго багыт алган Air India авиакомпаниясынын учагы аба майдандан учуп чыккандан көп өтпөй кулап түштү. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 310дон ашты.
