super.kg logo

Индиядагы авиакырсык: Учкучтун акыркы сөздөрү

 

Индияда кыйраган Boeing 787 Dreamliner учагынын учкучу Сумит Сабхарвал кырсыкка бир нече секунд калганда диспетчерлерге анын учагы күчүн жоготуп жатканын эскерткен.

"Эч кандай кубаттуулук жок, кубаттуулук жоголду, учакты көтөрүү мүмкүн эмес",- деген учкуч.

Бул билдирүүдөн кийин учак менен байланыш үзүлгөн. Учурда техникалык мүчүлүштүктөр кырсыкка алып келген негизги фактор катары каралууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак бийиктикке чыга албай, абада болгону 11 секунд болгон.

Окуяга комментарий берген отставкадагы аскер учкучу кыймылдаткыч кубаттуулугунун жетишсиздигине ар кандай факторлор себеп болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал кыймылдаткычка канаттуулардын кириши, механикалык бузулуулар же сапатсыз күйүүчү май кирип кетиши мүмкүндүгүн айтты. Бирок авиакырсыктын так себептери атайын комиссиянын иликтөөсү аяктагандан кийин гана такталат.

Эске салсак, учак турак жайга кулап, жатакананын имаратына олуттуу зыян келтирген,. Учакта 242 адам каза болгон, бир адам гана аман калып, ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор деп бааланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: