Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн 54 жаштагы киши ууланды (видео)




Бишкектин Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да толук өчүрүлдү.
"Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылды. Тилсиз жоонун кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, "Тез жардам" кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы жакшы",- деп айтылат маалыматта.
13.06.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:49
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.