Эл аралык көргөзмөгө катышуу үчүн чыгармачылык иштерди тандоо башталды
Эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесине катышуу үчүн чыгармачылык иштерди тандоо жараяны башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти."Министрликтин жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен 4-сентябрдан 4-ноябрга чейин Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында өтө турган Cheongju Craft Biennale көргөзмөсүнө катышуу үчүн кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн арасында чыгармачылык иштерди тандоо жараянын башталды", - деп айтылат маалыматта.
Тандоо критерийлери жана талаптар:
- Концептуалдуу чыгармачылык иш (ала кийиз, шырдак, панно, кийим, интерьер буюмдары жана башка);
- Кийиз же жүн материалдарын колдонуу;
- Табигый түстөр же боёктор колдонулган болуусу;
- Чыгарманын сапаттуу сүрөтү;
- Атайын түшүндүрмө (аннотация);
- Өлчөмү жана салмагы көрсөтүлүшү шарт.
Ал эми иштерди тапшыруу бүгүндөн башталып, 25-июнга чейин уланат.
Өтүнмөлөр жана материалдар үчүн почта: crafts.council.kg@gmail.com
Байланыш үчүн телефон:
Миррахим Опош +996771458549 (WhatsApp, Telegram)
Нурзат Жээнбек +996555542525 (Telegram)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















